19
шайман жылуу бөлмөдө эки саат тургандан кийин гана колдонулушу
мүмкүн.
Эгерде өнүмдүн топтому, көдөмү, сүрөттөлүшү, техникалык
мүнөздөмөсү, көрүнүшү же түсү туура эмес болуп калса, кечирим
сурайбыз. Өндүрүүчү бул параметрлерди алдын ала эскертүүсүз
өзгөртүү укугун өзүнө калтырат, натыйжада белгилүү бир өнүмдү
сатып алуу учурунда алар мурун көрсөтүлгөндөрдөн айырмала-
нышы мүмкүн.
6. МҮМКҮН БОЛГОН КӨЙГӨЙЛӨР ЖАНА АЛАРДЫ КЕТИРҮҮ ЖОЛДОРУ
Тейлөө борборуна кайрылуудан мурун, төмөнкүлөрдү текшерип
алыңыз:
-
Аба чыгаруучу тармакка туташтырылгандыгын текшериңиз. Тышкы
текшерүү менен, электр чынжырынын элементтеринин бүтүндүгүн
текшерип, кандайдыр бир элемент иштен чыккан учурда, тейлөө
бөлүмүнө кайрылыңыз.
-
Оңдоо иштерин квалификациялуу тейлөө кызматкерлери гана
жүргүзүшү керек!
Эгер сизде лампа күйүп кетсе, аны өзүңүз алмаштырсаңыз болот.
Бул үчүн төмөнкү аракеттерди жасаңыз:
1. Шайманды өчүрүңүз жана тармактан ажыратыңыз.
2. Эки бураманы бурап, лампанын капкагын чечиңиз.
3. Лампаны чыгарып алыңыз.
4.
Окшош стандарттагы базасы бар лампаны жаңысына алмашты-
рыңыз.
5. Баарын тескери тартипте чогултуңуз.
7. АЙЛАНА ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО, ШАЙМАНДЫ УТИЛЬДЕШТИРӨ
Кутусу жана шайман өзү кайра иштетилүүчү материалдардан
жасалган. Мүмкүн болушунча аларды кайра иштетилүүчү
материалдар үчүн жасалган идишке таштаңыз.
8. КҮБӨЛҮК ЖӨНҮНДО МААЛЫМАТ
Бул өнүмдүн иштөө мөөнөтү акыркы колдонуучуга сатылган күндөн
баштап 8 жыл түзөт, шайман ушул эксплуатациялык көрсөтмөлөргө
жана колдонулуп жаткан техникалык стандарттарга ылайык так
колдонулса. Шаймандын чыгарылган күнү катардагы номерде
көрсөтүлөт (2 жана 3 белгиси – жылы, 4 жана 5 белгиси – өндүрүш
айы). Иштөө мөөнөтү аяктаганда, жакынкы ыйгарым укуктуу
тейлөө борборуна кайрылып, шайманды андан ары пайдалануу
боюнча сунуштарды алыңыз. Кепилдик жана кепилдиктен кийинки
тейлөө «Ларина-Сервис» жалпы тейлөө борбору тарабынан
жүргүзүлөт. Краснодар шаары, тел.: +7 (861) 991-05-42. Кыргыз
республикасындагы сатып алуучулардын дооматтарын кабыл алат
турган жана өнүмдөрдү оңдоо жана тейлөө ишин ашырган уюмдун
дарегинде жана https://centek.ru/servis веб – сайтында көрсөтүлгөн.
Продукциянын шайкештик сертификаты бар:
№ ЕАЭС RU C-CN.ВЕ02.В.03401/21 - 26.01.2021 ж. баштап.
9. ӨНДҮРҮҮЧҮ ЖАНА ИМПОРТТОЧУ ЖӨНҮНДО МААЛЫМАТ
Импортточу: ИП Асрумян К.Ш. Дарек:
Россия, 350912, г. Краснодар,
пгт. Пашковский, ул. Атамана Лысенко,
23. Тел.: +7 (861) 2-600-900.
УРМАТТУ КЕРЕКТӨӨЧҮ!
Бардык түзмөктөрдүн кепилдик мөөнөтү акыркы керектөөчүгө
сатылган күндөн баштап 36 ай. Ушул кепилдик купону менен
өндүрүүчү бул шаймандын жарактуу экендигин ырастайт жана
өндүрүүчү тарабынан келип чыккан бардык бузууларды акысыз
жоюу милдетин алып жатат.
КЕПИЛДИК ТЕЙЛӨӨ ШАРТТАРЫ
1. Кепилдик каттоонун төмөнкү шарттарын эске алуу менен
жарактуу:
• баштапкы өндүрүүчүнүн кепилдик баракчасын туура жана так
толтуруу, модельдин атын көрсөтүү, модельдин сериялык саны,
сатылган күнү жазылса, ар бир кепилдик талонунда сатуучу
фирманын штампы, сатуучу фирманын өкүлунүн колу бар болсо.
Жогоруда көрсөтүлгөн документтер берилбеген учурда, же алардагы
маалыматтар толук эмес, окулбай турган, карама каршы келген
учурда, өндүрүүчү кепилдик кызматынан баш тартууга укуктуу.
2. Кепилдик төмөнкү иштөө шарттарын эске алуу менен жарактуу:
• шаймандын колдонуу көрсөтмөсүнө ылайык так колдонуу;
• эрежелерди жана коопсуздук талаптарын сактоо.
3. Кепилдик мезгил-мезгили менен техникалык тейлөө, тазалоо,
орнотуу, шайманды ээсинин үйүндө жөндөө камтылбайт.
4. Кепилдикке кирбеген учурлар:
• механикалык зыян;
• шаймандын табигый эскириши;
• иштөө шарттарын сактабоо же ээсинин туура эмес аракеттери;
• туура эмес орнотуу, ташуу;
• табигый кырсыктар (чагылган, өрт, сел ж.б.), ошондой эле сатуучуга
жана өндүрүүчүгө тийешеси болбогон башка себептер;
• шаймандын ичине бөтөн заттардын, суюктуктардын, курт-
кумурскалардын кирип кетиши;
• уруксатсыз адамдар тарабынан оңдоо же структуралык өзгөрүүлөр;
• шайманды кесиптик максаттарда колдонуу (жүк ички керектөөнүн
деңгээлинен ашат). Шайманды мамлекеттик техникалык
стандарттарга ылайык болбогон телекоммуникация жана кабелдик
тармактарга кошуу;
• буюмдун төмөнкү аксессуарларын иштен чыгышы, эгерде аларды
алмаштыруу долбоордо каралса жана буюмду демонтаждоо менен
байланышпаса:
а) узактан башкаруу пульттар, аккумулятордук кубаттагычтар,
батарейкалар, тышкы кубат берүүчү жана кубаттагычтар;
б) сарпталуучу материалдар жана аксессуарлар (чехол кутусу,
курлар, баштыктар, торлор, бычактар, колбалар, табактар, жээкчелер,
решёткалар, вертелдер, шлангдар, түтүктөр, щёткалар, тиркемелер,
чаң жыйноочулар, чыпкалар, жыт сиңиргичтер);
• батарейкалар менен иштеген шаймандар үчүн - жараксыз же
түгөнгөн батарейкалар менен иштөө;
• батарейка менен иштеген шаймандар үчүнбатаре йкаларды кубаттоо
эрежелеринин бузулушунан келип чыккан ар кандай зыян.
5. Берилген кепилдик өндүрүүчү тарабынан кошумча колдонулат
жана керектөөчүнүн колдонуудагы мыйзамына ылайык укуктарын
эч кандай чектебейт.
6. Өндүрүүчү TM CENTEK тин өндүрүшү адамдарга, үй
жаныбарларына, керектүү мүлкүнө жана/же керектөө чүлөрдүн
жана/же башка үчүнчү адамдардын этиятсыз аракеттерине
(аракетсиздигине), форс-мажордук жагдайларга түздөн-түз же
кыйыр түрдө келтирилген зыян үчүн жооп бербейт.
7. Тейлөө борборуна кайрылганда, буюм таза түрүндө гана берилет
(шаймандын үстүндө тамактын калдыктары, чаң жана башка кир
заттар болбошу керек).
Өндүрүүчү шаймандын дизайнын жана мүнөздөмөлөрүн алдын ала
эскертүүсүз өзгөртүү укугун өзүнө калтырат.