ЖУУ ЦИКЛДЕРИ
Кийимдеги жуу энбелгисинде көрсөтүлгөн белгилерди
жолдоңуз. Белгиде көрсөтүлгөн маани, кийимди
жууганда сунушталган эң максималдык температура
болуп эсептелет.
Түстүү 59 мүн.
аралаш жана түстүү кирди чогуу жуу үчүн.
Пахта 59 мүн.
цикл пахта кийимди, негизинен ак киймди жууга эсептелген. Ошондой
эле порошок түрүндөгү жуучу заттарды пайдаланууга болот.
Пахта 45 мүн.
кылдат пахта кийимди жуу үчүн кыска цикл.
Синтетика 59 мүн.
синтетикалык кийимди жуу үчүн атайын программа. Катуу кирдеген
учурда температураны 60° чейин жогорулатууга жана порошок түрүндөгү
кир жуучу затты пайдаланууга болот.
Аралаш 30 мүн.
аралаш пахта жана синтетикалык кирди, ак жана түстүү кийимди чогуу
жуу үчүн кыска цикл.
Экспресс 20 мүн.
сиздин кийимди болгону 20 мүнөттө жыпар жыттанып, сергитүүчү
программа.
Спортзaл
бардык сопрттук кийимди, анын ичинде спорт зал үчүн сүлгүнү чогуу жуу
үчүн цикл (буюмдардын этикеткаларындагы нускамаларды сактаңыз).
Спорт бут кийими
спорттук бут кийимди жуу үчүн иштелип чыккан; жакшы жыйынтыктарга
жетүү үчүн бир жолкуда 1 жуп бут киймден көп жууганга болбойт.
Буюмдарды барабанга салуу алдында боолорун чечүү сунушталат.
Балдар кийими
балдар кийиминин кирин жуу үчүн, ошондой эле кир жуучу заттардын
калдыктарын натыйжалуу кетирүүчү цикл.
Чайкоо
Чайкап, сыгуу үчүн арналган.
Сыгуу + Төгүү
Кирди сыгып, суусун агызганга арналган.
Мамык олпоктор
жалгыз мамык жууркан (салмагы 1 кгдан көп эмес), жаздык, куртка
сыяктуу, курамында өрдөктүн жүнү бар, мамык олпокторду жуу үчүн
атайын 12-программаны тандаңыз. Мамык олпокторду четин ичкери
кылып машинанын барабанына жүктөө (схеманы кара) жана барабандын
көлөмүнүн ¾ ашырбоо сунушталат. Оптималдуу кир жуу үчүн жуучу
заттардын дозаторуна куюлуучу, суюк жуучу затты пайдалануу сунушталат.
Жүн
кир жуугуч машинанын 13-программасынын режиминде бардык жүн
буюмдарды, анын ичинде “кол менен гана жуу” этикеткасы менен
буюмдарды жууганга болот. Жакшы жыйынтыкка жетүү үчүн атайын
жуучу каражатты пайдаланыңыз жана 1 кг кир жүктөөнү ашырбаңыз.
Жибек
бардык жибек буюмдарды жуу үчүн атайын 14-программаны
пайдаланыңыз. Кылдат кездемелер үчүн атайын кир жуучу затты
пайдалануу сунушталат.
Парда
аларды ороп жаздык тышка же тор мүшөккө салуу сунушталат.
14-программаны пайдаланыңыз.
Пахта 60°
Орто кирдеген пахта кийимдерин жуу үчүн ылайыктуу болот. 40°C жана
60°C температурасы, пахта кийимдерин жуу үчүн стандарттык цикл жана
суу менен электрикалык керектөөнүн айкалыштырылган
колдонуусундагы эң эле натыйжалуусу.
Пахта алдын ала 90°
чылап коюу менен жуу
ДИСПЛЕЙ
Индикаторлор пайдалануучуга маанилүү маалыматтарды билдирет.
Индикаторлордун мааниси:
Кир жуу
Чайкоо
Сыгуу
Төгүү
Циклдын аягы
Кулпуланган эшик индикатору
Күйүп турганда, белги эшиктин кулпуланганы көрсөтүлөт. Кандайдыр
бир зыян келтирүүнүн алдын алуу үчүн, эшикти ачуу үчүн белги
өчкөнгө чейин күтүп туруңуз.
Кир жуучу циклдын учурунда эшикти ачыш үчүн ЖАНДЫРУУ /ТЫНЫГУУ
баскычын басыңыз; эгер белгиси өчүк болсо, эшик ачылат.
БИРИНЧИ ЖОЛУ КОЛДОНУУ
Орнотууну аяктагандан кийин, пайдалануунун алдында кир жуучу
порошок менен, бирок кир кийим жок, 2 программасы боюнча кир
жуунун бир циклын жүргүзүү керек.
КҮНҮМДҮК КОЛДОНУУ
“КЕҢЕШТЕР ЖАНА СУНУШТООЛОР” бөлүмүндө пайда болгон
сунуштарды жолдоо менен жуула турган кирди даярдаңыз.
- Кир жуугуч машинасын КҮЙГҮЗҮҮ/ӨЧҮРҮҮ баскычын басып,
күйгүзүңүз. Бардык индикатор жарыктары бир нече секундага күйүп,
андан соң тандалган жуу циклинин орнотулган жөндөөлөрүнө карай
жарыктар күйүк бойдон калат; БАШТОО/ТЫНЫТУУ индикатор
жарыгы да күйөт.
- Эшикти ачыңыз. Жуу циклинин жадыбалында берилгендей
максималдык жүктөө көлөмүнөн ашырбай кирди салууга аракет
кылыңыз.
- Кир жуучу каражат диспенсеринин суурмасын тартып, “КИР ЖУУЧУ
КАРАЖАТ ДИСПЕНСЕРИНИН СУУРМАСЫ” көрсөтүлгөндөй, кир
жуучу каражатты ылайыктуу бөлүкчөсүнө салыңыз.
- Эшикти жабыңыз.
- ЖУУ ЦИКЛИ баскычын каалаган циклге коюңцуз.
- Каалаган температураны орнотуңуз.
- Каалаган айлантып сыгууну орнотуңуз.
- Каалаган параметрлериңизди тандаңыз.
- БАШТОО/ТЫНЫТУУ баскычын басып, жуу циклин баштаңыз;
байланышкан индикатор жарыгы туруктуу жашыл болуп күйөт жана
эшик кулпуланат ( индикатор жарыгы күйгүзүлгөн).
Дисплей тандалган циклдын максималдык узундугун көрсөтөт. Ал,
бир нече мүнөттөн кийин азайышы мүмкүн, себеби циклдин чыныгы
узундугу киржин жүктөөсү жана тандалган жөндөөлөргө карай
өзгөрүшү мүмкүн.
ЦИКЛДИ ТЫНЫТУУ
Жуу циклин тынытуу үчүн, БАШТОО/ТЫНЫТУУ баскычын кайра
басыңыз; индикатордун жарыгы сары болуп күйөт. Эгер белгиси
күйгүзүлбөсө, эшикти ачсаңыз болот (болжол менен 3 мүнөт күтүңүз).
Жуу циклин, ал токтотулган жерден улантуу үчүн, БАШТОО/ТЫНЫТУУ
баскычын кайра басыңыз.
КЕРЕК БОЛГОН УЧУРДА ЭШИКТИ АЧУУ
Цикл башталганда, белгиси күйгүзүлүп, эштиктин ачылбаары
жөнүндө сигнал берет. Жуу цикли жүргүзүлүп жатканда, эшик
кулпуланган бойдон калат. Цикл иштеп баштаганда эшикти ачуу үчүн,
мисалы, кошумча кирди салуу же кирди алып салуу сыяктуу,
БАШТОО/ТЫНЫТУУ баскычын басып, циклди тынытыңыз;
индикатордун жарыгы сары болуп күйөт. Эгер белгиси
күйгүзүлбөсө, эшикти ачсаңыз болот (болжол менен 3 мүнөт күтүңүз).
БАШТОО/ТЫНЫТУУ баскычын кайра басып, циклди улантыңыз.
ИШТЕП ЖАТКАН ЖУУ ЦИКЛИН ӨЗГӨРТҮҮ
Кир жуучу циклдын иштөө учурунда, циклды алмаштырыш үчүн,
БАШТОО/ТЫНЫТУУ баскычын басып тынытып индикатор жарыгы
кызгыл сары түстө жай күйүп жанат) , андан соң, каалаган циклды
тандап, кайрадан БАШТОО/ТЫНЫТУУ баскычын кайра басыңыз.
! Башталгын циклды токтоткуңуз келсе, КҮЙГҮЗҮҮ/ӨЧҮРҮҮ
баскычын коё бербей кармап туруңуз. Цикл токтоп, машине өчүрүлөт.
ЦИКЛДЫН АЯГЫ
Бул “END” деген текст дисплейде көрүнүү менен белгиленет;
белгиси өчкөндө, эшикти ачууга болот (болжол менен 3 мүнөт
күтүңүз). Эшикти ачыңыз, кирди алып чыгыңып, машинени өчүрүңүз.
Эгерде сиз КҮЙҮК/ӨЧҮК баскычын баспасаңыз, кир жуугуч машине
болжолу жарым сааттын ичинде өзү автоматтык түрдө өчүп калат.
ПАРАМЕТРЛЕР
- Эгерде тандалган функция тапшырылган программа менен
шайкеш болуп саналбаса, тийиштүү индикатор бүлбүлдөйт жана
мындай функция күйгүзүлбөйт.
- Эгерде тандалган функция башка, мурда тапшырылган кошумча
функция менен шайкеш келбей турган болуп саналса, шайкеш
келбестик бүлбүлдөгөн индикатордун жардамы менен көрсөтүлөт
жана экинчи кошумча функция гана активдештирилет, функциянын
индикатору күйөт.
Артка жылдырылган Иштетүү
Тандалган программаны иштетүүнү кармоону программалоо үчүн
кармоонун керектүү маанисин алганга чейин тийиштүү баскычты
басыңыз. Кармоо функциясы күйгүзүлгөндө, дисплейде . символу
күйөт. Иштетүүнү кармоону токтотуу үчүн дисплейде OFF жазуусу
пайда болгонго чейин баскычты басыңыз.
Абдан кир кийим үчүн эгерде бул мүмкүн болсо, кошумча
жуу функциясын күйгүзүү. Бул функцияны тандоодо цикл узак циклга
которулуу менен, кир жуунун бардык параметрлерин автоматтык
түрдө тапшырат. Бул функция температураны өзгөртпөйт, ошол эле
убакта сыгуу автоматтык түрдө максималдуу режимге которулат.
Пайдалануучу сыгууну дайыма ага керектүү режимге тескей алат.
энергияны үнөмдөө функциясы энергияны үнөмдөө
режиминде пахта жана синтетикалык кийимди жууну шарттайт жана
ага ылайык, курчап турган чөйрө үчүн азыраак зыяндуу болот.
Энергияны үнөмдөө интенсивдүү механикалык аракеттин эсебинен
бирдей деңгээлдеги керектүү жыйынтыкты алуу жана сууну
оптималдаштырылган сарптоо аркылуу, муздак сууда кир жуу менен
камсыздалат. Суюк кир жуучу затты пайдалануу сунушталат.