ЖУУ ЦИКЛДЕРИ
Кийимдеги жуу энбелгисинде көрсөтүлгөн белгилерди
жолдоңуз. Белгиде көрсөтүлгөн маани, кийимди жууганда
сунушталган эң максималдык температура болуп эсептелет.
Түстүү 59 мүн.
аралаш жана түстүү кирди чогуу жуу үчүн.
Пахта 59 мүн.
цикл пахта кийимди, негизинен ак киймди жууга эсептелген. Ошондой
эле порошок түрүндөгү жуучу заттарды пайдаланууга болот.
Пахта 45 мүн.
кылдат пахта кийимди жуу үчүн кыска цикл.
Синтетика 59 мүн.
синтетикалык кийимди жуу үчүн атайын программа. Катуу кирдеген
учурда температураны 60° чейин жогорулатууга жана порошок түрүндөгү
кир жуучу затты пайдаланууга болот.
Аралаш 30 мүн.
аралаш пахта жана синтетикалык кирди, ак жана түстүү кийимди чогуу
жуу үчүн кыска цикл.
Экспресс 20 мүн.
сиздин кийимди болгону 20 мүнөттө жыпар жыттанып, сергитүүчү
программа.
Спортзaл
бардык сопрттук кийимди, анын ичинде спорт зал үчүн сүлгүнү чогуу жуу
үчүн цикл (буюмдардын этикеткаларындагы нускамаларды сактаңыз).
Спорт бут кийими
спорттук бут кийимди жуу үчүн иштелип чыккан; жакшы жыйынтыктарга
жетүү үчүн бир жолкуда 1 жуп бут киймден көп жууганга болбойт.
Буюмдарды барабанга салуу алдында боолорун чечүү сунушталат.
Балдар кийими
балдар кийиминин кирин жуу үчүн, ошондой эле кир жуучу заттардын
калдыктарын натыйжалуу кетирүүчү цикл.
Чайкоо
Чайкап, сыгуу үчүн арналган.
Сыгуу + Төгүү
Кирди сыгып, суусун агызганга арналган.
Мамык олпоктор
жалгыз мамык жууркан (салмагы 1 кгдан көп эмес), жаздык, куртка
сыяктуу, курамында өрдөктүн жүнү бар, мамык олпокторду жуу үчүн
атайын 12-программаны тандаңыз. Мамык олпокторду четин ичкери
кылып машинанын барабанына жүктөө (схеманы кара) жана барабандын
көлөмүнүн ¾ ашырбоо сунушталат. Оптималдуу кир жуу үчүн жуучу
заттардын дозаторуна куюлуучу, суюк жуучу затты пайдалануу сунушталат.
Жүн
кир жуугуч машинанын 13-программасынын режиминде бардык жүн
буюмдарды, анын ичинде “кол менен гана жуу” этикеткасы менен
буюмдарды жууганга болот. Жакшы жыйынтыкка жетүү үчүн атайын
жуучу каражатты пайдаланыңыз жана 1 кг кир жүктөөнү ашырбаңыз.
Жибек
бардык жибек буюмдарды жуу үчүн атайын 14-программаны
пайдаланыңыз. Кылдат кездемелер үчүн атайын кир жуучу затты
пайдалануу сунушталат.
Парда
аларды ороп жаздык тышка же тор мүшөккө салуу сунушталат.
14-программаны пайдаланыңыз.
Пахта 60°
Орто кирдеген пахта кийимдерин жуу үчүн ылайыктуу болот. 40°C жана
60°C температурасы, пахта кийимдерин жуу үчүн стандарттык цикл жана
суу менен электрикалык керектөөнүн айкалыштырылган
колдонуусундагы эң эле натыйжалуусу.
Пахта алдын ала 90°
чылап коюу менен жуу
ИНДИКАТОРЛОР
Индикаторлор пайдалануучуга маанилүү маалыматтарды
билдирет. Индикаторлордун мааниси:
Мөөнөтүн жылдыруу таймери
Эгерде “Мөөнөтүн жылдыруу таймери” функциясы күйгүзүлсө
(“Персоналдаштырылган тескөөлөрдү” кара.), программаны
иштеткенден кийин тапшырылган кармоо убактысына ылайык
индикатор бүлбүлдөй баштайт:
Убакытты эсептөөгө жараша тийштүү индикатордун
бүлбүлдөөсү менен калган убакыт көрсөтүлөт.
Белгиленген кармоо аяктагандан кийин тапшырылган
программа активдешет.
ЭШИКТИН БЕКИЛГЕНИ ТУУРАЛУУ
ИНДИКАТОР
Күйүп турганда, белги, эшиктин кулпуланып калганын көрсөтөт.
Эшикти ачканга чейин, кандайдыр бир зыян келтирүүнүн алдын алуу
үчүн, белгинин өчкөнүн күтүп туруңуз (болжол менен 3 мүнөт).
Кир жуучу циклдын учурунда эшикти ачыш үчүн КҮЙГУЗҮҮ/ТЫНЫГУУ
баскычын басыңыз; эгер белгиси өчүк болсо, эшик ачылат.
БИРИНЧИ ЖОЛУ КОЛДОНУУ
Орнотууну аяктагандан кийин, пайдалануунун алдында кир жуучу
порошок менен, бирок кир кийим жок, 2 программасы боюнча кир
жуунун бир циклын жүргүзүү керек.
КҮНҮМДҮК КОЛДОНУУ
“КЕҢЕШТЕР ЖАНА СУНУШТООЛОР” бөлүмүндө пайда болгон
сунуштарды жолдоо менен жуула турган кирди даярдаңыз.
- Кир жуугуч машинасын КҮЙГҮЗҮҮ/ӨЧҮРҮҮ баскычын басып,
күйгүзүңүз. Бардык индикатор жарыктары бир нече секундага күйүп,
андан соң тандалган жуу циклинин орнотулган жөндөөлөрүнө карай
жарыктар күйүк бойдон калат; БАШТОО/ТЫНЫТУУ индикатор
жарыгы да күйөт.
- Эшикти ачыңыз. Жуу циклинин жадыбалында берилгендей
максималдык жүктөө көлөмүнөн ашырбай кирди салууга аракет кылыңыз.
- Кир жуучу каражат диспенсеринин суурмасын тартып, “ЖУУЧУ
КАРАЖАТ ДИСПЕНСЕРИНИН СУУРМАСЫ” көрсөтүлгөндөй, кир
жуучу каражатты ылайыктуу бөлүкчөсүнө салыңыз.
- Эшикти жабыңыз.
- ЖУУ ЦИКЛИ баскычын каалаган циклге коюңцуз.
- Кир жуу температурасын тапшырыңыз.
- Кир жуугуч борборлоштурулган коюу.
- БАШТОО/ТЫНЫТУУ баскычын басып, жуу циклин баштаңыз;
байланышкан индикатор жарыгы туруктуу жашыл болуп күйөт жана
эшик кулпуланат ( индикатор жарыгы күйгүзүлгөн).
ЦИКЛДЫ ТЫНЫТУУ
Жуу циклин тынытуу үчүн, БАШТОО/ТЫНЫТУУ баскычын кайра
бассаңыз, индикатордун жарыгы сары болуп күйөт. Эгер
индикатору күйбөсө, эшикти ачсаңыз болот (болжол менен 3 мүнөт).
Жуу цикли токтотулгандан кийин кайра баштоо үчүн, БАШТОО/
ТЫНЫТУУ баскычын басыңыз.
КЕРЕК БОЛГОН КЕЗДЕ ЭШИКТИ АЧУУ
Цикл башталганда, индикатор жарыгы күйгүзүлүп, эшик
ачылбаары жөнүндө сигнал берет. Жуу цикли иштеп жатканда, эшик
жабык бойдон калат. Цикл жүрүп жатканда эшикти ачуу, мисалы
кийимдерди кошуу же алып салуу үчүн, БАШТОО/ТЫНЫТУУ
баскычын басып, циклди тынытыңыз; индикатор жарыгы сары болуп
күйөт. Эгер индикатору күйбөсө, эшикти ачсаңыз болот (болжол
менен 3 мүнөт). БАШТОО/ТЫНЫТУУ баскычын кайра басып,
циклди кайра улантыңыз.
ИШТЕП ЖАТКАН ЦИКЛДИ ӨЗГӨРТҮҮ
Кир жуучу циклдын иштөө учурунда, циклды алмаштырыш үчүн,
АНДЫРУУ/ТЫНЫГУУ баскычын басып тыныктырып (КҮЙГҮЗҮҮ/
ТЫНЫГУУ индикатор жарыгы кызгыл сары түстө жай күйүп
жанат) , андан соң, каалаган циклды тандап, кайрадан КҮЙГҮЗҮҮ/
ТЫНЫГУУ баскычын басыңыз.
! Башталган циклды токтоткуңуз келсе, КҮЙГУЗҮҮ/ӨЧҮРҮҮ
баскычын коё бербей кармап туруңуз.
Цикл токтоп, машине өчүрүлөт.
ПРОГРАММАНЫН АЯГЫ
Цикл бүткөндө "END" индикатору күйүп, индикатору өчкөндө,
эшикти ачса болот. Эшикти ачыңыз, кирди алып чыгарып, машинени
өчүрүңүз (болжол менен 3 мүнөт). Эгерде сиз “КҮЙҮК/ӨЧҮК”
баскычын баспасаңыз, кир жуугуч машине болжолу жарым сааттын
ичинде өзү автоматтык түрдө өчүп калат.
ПАРАМЕТРЛЕР
- Эгерде тандалган функция тапшырылган программа менен
шайкеш болуп саналбаса, тийиштүү индикатор бүлбүлдөйт жана
мындай функция күйгүзүлбөйт.
- Эгерде тандалган функция башка, мурда тапшырылган кошумча
функция менен шайкеш келбей турган болуп саналса, биринчи
тандалган функциянын индикатору бүлбүлдөйт жана экинчи
кошумча функция гана күйөт, күйгүзүлгөн функциянын индикатору
күйөт.
Кир жуу
Чайкоо
Сыгуу
Төгүү
Циклдын аягы
3Ч
12Ч
9Ч
6Ч
3Ч
12Ч
9Ч
6Ч